Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2018-жылдын 31-январындагы № 7
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эски гараждын ордунан сетка токуу жана техникалардын баллондорун желимдөөчү аппаратын коюп иштетүү жөнүндө
Ак-Суу айылдык Кенеши күн тартибиндеги Шакеев Залкарбектин арызын карап жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эски гараждын ордунан сетка токуу жана техникалардын баллондорун желимдөөчү аппаратын коюп иштетүүгө керектүү жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эски гараждын ордунан сетка токуу жана техникалардын баллондорун желимдөөчү аппаратын коюп иштетүүгө берилген жер аянтын тактап, иш кагаздарын берүү жагы жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом www.aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Ак-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Малабеков |