Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2018-жылдын 31-январындагы № 8
Коргон-Дөбө айылынын жаштарына спорт аянтчасы үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Суу айылдык Кенеши күн тартибиндеги Коргон-Дөбө айылынын жаштарынын арызын карап жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Коргон-Дөбө айылынын жаштары үчүн спорт аянтчасына жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Коргон-Дөбө айылынын жаштары үчүн спорт аянтчасына берилген жер аянтын тактап, иш кагаздарын берүү жагы жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом www.aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Ак-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Малабеков |