Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 11-июну № 16
2016-жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жарым жылдык бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кеңешинин Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жарым жылдык бюджетинин киреше бөлүгү - 7008700сом, чыгаша бөлүгү - 7385600 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр-киреше бөлүгүнө:
Ата-энелер төлөмүнө кошумча – 147 200сом
Таштанды чыгарууга кошумча – 385 000сом кошумча лимит каралсын.
3. Чыгаша бөлүгү - бала бакчалардын тамак-ашына 147 200сом
Проектилер үчүн 99 000 сом
Библиотекага сатып алуулар үчүн -6000сом
СДКга форма тиктирүүгө-40 000сом өлчөмүндө бекитилсин.
ЖКХга разделинен 22154900 статьясына-240 000сом кошумча лимит каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |