Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 74/16-7
“Р.Абыткановага “ Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рабшан Абыткановага шаардын жогорку “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө салтанаттуу Рабшан Абыткановага “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилгендиги боюнча күбөлүк, грамота жана төш белги берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |