Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 75/16-7
“Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотунун жобосун бекитүү жөнүндө”
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Э.О.Кошалиевдин “Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун жобосу жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.С.Эшенкуловдун маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын №113 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Э.О.Кошалиевдин “Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун жобосу жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусу, Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.С.Эшенкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. “Кара-Көл шаардык аксакалдар соттору жөнүндө” жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин аппараты бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
Тиркеме 1
Бекитилди:
Кара-Көл шаардык кеңешинин
28.04.2018-ж. №75/16-7 токтому менен
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун
Жобосу
1. Жалпы жоболор
2. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун негизги милдеттери
3. Аксакалдар сотторунун иштерди ( материалдарды) кароосунун тартиби
4. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечими
5. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечимдерине даттануунун жана анын аткаруунун тартиби
6. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
7. Аксакалдар сотторун материалдык –техникалык жактан камсыз кылуу
1.Жалпы жоболор
1.1.Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун жобосу 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан нормативдик-укуктук акт болуп эсептелет.
Аксакалдар соттору жөнүндө жобо депутаттардын Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңеши тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Бул жобо бекитилгенге чейин шаардык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясынын кароосунан өтөт. Кара-Көл шаарынын прокурору, соту, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен макулдашылат.
1.2. Кара-Көл шаардык аксакалдар соттору- бул ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруучулук негизде түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары белгилеген учурларда жана тартипте материалдарды кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.
1.3. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун мүчөлүгүнө талапкерлер жарандардын жалпы чогулушунда шаардын аймагындагы, Кетмен-Төбө, Жазы-Кечүү аймактык башкармалыктардын аймагындагыКыргыз Республикасынын элүү жашка чыккан, жалпы орто билимге ээ, шаар аймагында туруктуу жашаган, соттуулугу жок, адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү аксакалдардан – сый урматка жана кадыр баркка ээ эркектерден жана аялдардан көрсөтүлөт жана депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет.
1.4. Соттук курамга кирбей калган талапкерлер резервдик курамга киргизилет. Соттун курамынан чыгарылган аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ордуна аксакалдар сотунун жаңы мүчөсүн шайлоо резервдик курамдагы талапкерлерден аксакалдар сотунун чечими менен сунушталат. Сунуштун негизинде шаардык кеңеш сессиянын чечими менен соттук курамга өзгөртүү киргизет.
1.5. Кара-Көл шаардык аксакалдар соту 9 адамдын курамында шайланат.
1.6. Аксакалдар соттору :
- эгерде тургундардын саны 25 миңден ашпаса - бир аксакалдар соту;
- эгерде тургундардын саны 25 миңден 50 миңге чейин болсо - эки аксакалдар соту
принциби менен түзүлөт.
1.7. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жарандардын чогулушу тарабынан көрсөтүлөт жана шаардык кеңештин сессиясында ачык добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын өздөрүнүн ичинен аксакалдар сотторунун мүчөлөрү шайлайт.
1.8. Аксакалдар соттору Кара-Көл шаардык кеңешинде каттоодон өтөт. Аксакалдар сотунун аталышы жазылган мөөрү жана штампы болот.
1.9. Кара-Көл шаардык кеңеши аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө, төрагасына Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бекитилген үлгүдө күбөлүк берет.
1.10. Кара-Көл шаарынын акскалдар соту карап жаткан иштери ( материалдары) боюнча статистикалык эсеп жүргүзүшөт. Кара-Көл шаарынын мэриясы аксакалдар сотун иш кагаздардарды сапаттуу жүргүзүшү боюнча окууларды уюштуруп, көмөк көрсөтөт. Каралган иштер ( материалдар) шаардык кеңешке сактоого берилет.
1.11. Кара-Көл шаардык аксакалдар соту өзүнүн ишмердиги боюнча бир жылда бир жолудан кем эмес, аны түзгөн жарандардын жалпы чогулушуна, Коомдук кеңештин конференциясына, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясына отчет берет.
2. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун негизги милдеттери
2.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун негизги милдеттери:
- жарандардын бузулган же талаш-тартышка түшкөн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
- мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого көмөк көрсөтүү жана айылдык аймактын жана шаарлардын аймагында укук бузуулардын алдын алуу;
- жарандарды мыйзамды, үрп-адаттардан жана салттардан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун ченемдерин урматтоого тарбиялоо болуп саналат.
Аксакалдар соттору ынандыруу жана коомдук таасир көрсөтүү, тараптардын жарашуусуна жетишүү жана республиканын мыйзамдары менен башка ченемдик актыларына каршы келбеген, акыйкат чечим чыгаруу жолу менен иштейт.
2.2. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун иш-милдеттери:
- жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте жарандык иштер боюнча жергиликтүү соттор тарабынан жөнөтүлгөн;
- жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык коомдук таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн соттор, прокурорлор, прокурордун санкциясы менен тергөө жана алгачкы тергөө органдары тарабынан жөнөтүлгөн кыскартылган жазык иштери боюнча материалдарды.
Аксакалдар соттору тарабынан, ошондой эле тараптарды жана ушул Мыйзамда каралган башка иштерди жараштырууга жетишүү максатында мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүү үчүн жарандардын өздөрүнүн арызы боюнча (тараптардын макулдугу менен) иштер каралышы мүмкүн.
Аксакалдар соттору мурда эле сот чечими чыгарылган, администрациялык жаза чаралар көрүлгөн же өзүнүн компетенциясынын чегинде аксакалдар сотунун чечими чыккан материалдарды кароого акысыз.
3. Аксакалдар сотторунун иштерди ( материалдарды) кароосунун тартиби
3.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар соттору төмөндөгүдөй иштерди кароого укуктуу:
а) жарандардын мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштары жөнүндө:
- мүлктүк карыздарды төлөтүп алуу боюнча;
- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайра суратып алуу боюнча;
- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайтарып алуу боюнча;
- сактоого коюлган мүлктү кайтарып алуу боюнча;
- ижаралык төлөөнү өндүрүп алуу боюнча;
- зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу боюнча;
- жубайлардын жалпы орток мүлкүн бөлүштүрүү боюнча;
- улуттук нике мамилелери жана нике-үй-бүлө мамилелери менен байланышкан каада-салттар боюнча;
б) ата-энелердин, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;
в) бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин же аларды белгиленген тартипте тарбиялаган жана баккан адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;
г) эмгек келишими боюнча аткарылган иш үчүн акы төлөө жөнүндө;
д) жер участокторун пайдалануучулардын ортосундагы сугат боюнча талаштар;
е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча;
ж) адамдын жосунунда кылмыштын курамы болбогон учурларда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу.
3.2. Аксакалдар сотунун иштерди кароо үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп эсептелет:
а) Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын, Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттык топторунун, фракцияларынын сунуштамасы;
б) Кара-Көл шаарынын мэриясынын берген иши;
в) аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын, кварталдык комитеттеринин материалдары;
г) администрациялык жаза берүү укугуна ээ мамлекеттик органдын же анын кызмат адамынын берген иши;
д) Кара-Көл шаарынын соту, прокурору жана кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилген материалдар;
ж) жарандардын арызы;
з) башка аксакалдар соттрунун арыздары.
3.3. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун иштерди( материалдарды) кароосунун тартиби “ Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ылайык жүргүзүлөт.
3.4. Ишти соттук отурумда кароого даярдоо мезгилинде кандайдыр бир маселелер, түшүнбөстүктөр пайда болуп Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Кара-Көл шаарынын сотунун төрагасына, сотуна кайрылылган учурда, алар аны тоскоолдуксуз кабыл алат жана керектүү жардамды берет.
3.5. Аксакалдар сотунун төрагасы( катчысы) Кара-Көл шаарынын аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын жетекчилерине, Кара-Көл шаарынын өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына кайрылган учурда , алар аны токтоосуз кабыл алат жана аксакалдар сотунун отурумуна катышууну сураган учурда, өзүлөрүнүн кызматкерин соттук отурумга катышууга жөнөтөт.
3.6. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотуна шаардык мэрия соттук отурум өткөрүүчү жай бөлүп берет.
3.7. Соттук отурумдагы укук тартибин камсыз кылуу , ошондой эле отурумга катышууга зарыл болгон адамдарды жана укук бузгандарды, жооп берүүчүлөрдү мажбурлап алып келүү милициянын участкалык инспектору аркылуу жүргүзүлөт.
3.8. “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына ылайык Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуу жөнүндө кайрылган учурда, Кара-Көл шаарынын соту тиешелүү көмөк көрсөтөт.
4. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечими
4.1.Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун олуттуулугу боюнча чыгарылган токтому чечим түрүндө болот.
Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышкан соттун бардык мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен менен кабыл алынат.
4.2.Кара-Көл шаардык аксакалдар соту чечиминде соттун заседаниесинде текшерилген гана далилдерге негиздейт.
4.3. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечими жазуу жүзүндө баяндалып, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- чыгарылган чечимдин убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, ишти кароого катышкан соттор менен адамдардын курамы;
- талаш-тартыштын предмети же укук бузуунун мазмуну;
- сот тарабынан аныкталган иштин жагдайы, иштин жагдайы жөнүндө сот чыгарган тыянактын далилдери, соттун тигил же бул далилдерди четке каккан жүйө-себептери;
- чечим кабыл алууда сот жетекчиликке алган мыйзамдар;
- каралган материал боюнча аксакалдар соту кабыл алган корутунду;
- кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби;
- чечимди аткаруунун мөөнөтү.
Чечимге аксакалдар сотунун заседаниесинде ал жарыяланганга чейин төрагалык кылуучунун жана соттун мүчөлөрүнүн колу коюлат.
4.4.Аксакалдар соту сотко тартылгандын күнөөсүн аныктоо менен төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирөөнү колдонуу жөнүндө чечим чыгарат:
а) эскертүү берүү;
б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
в) коомдук уяткаруу жарыялоо;
г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эң төмөнкү үч айлык акыга чейинки өлчөмүндө акчалай жазапул салуу.
4.5. Үй-бүлөлүк талаш-тартышта сот каралып жаткан талаш-тартыштын негизи боюнча чечим кабыл алат.
4.6. Эгерде аксакалдар соту мүлк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тараптардын жарашуусуна жетише албаса, ал каралып жаткан иштин негизи боюнча чечим кабыл алат.
4.7. Администрациялык укук бузган адамга карата колдонулган коомдук таасир көрсөтүү чарасы жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттүн ичинде материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.
4.8. Сот адамдын кадыр-баркына шек келтирген жаза жөнүндө чечим чыгарууга акысы жок.
Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана кеңири чечмеленүүгө жатпайт.
5. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечимдерине даттануунун жана анын аткаруунун тартиби
5.1. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чыгарган чечимине чечим чыгарылган адам жана ишти кароого катышкан башка адамдар тарабынан чечим чыгарылгандан тартып 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.
Даттануу Кара-Көл шаардык сотко берилет.
Даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде шаардык соттун судьясынын жеке өзү тарабынан каралат. Мында судья Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чыгарган чечими Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ушул жобого, ошондой эле иштин жагдайларына ылайык келишин текшерет.
Эгерде шаардык сот даттанууну негиздүү деп тапса, анда ал жүйөлөштүрүү менен Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чечимин жокко чыгарат жана материалды кайра кароого жөнөтөт, болбосо ишти токтотот.
5.2. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү, болбосо мүлктүк өндүрүү жөнүндөгү аксакалдар сотунун чечими сотко тартылган адам тарабынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Аксакалдар соту өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук кылат.
5.3.Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасын Кара-Көл шаардык сот тарабынан берилет.
Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз анын пайдасына чечим чыгарган тараптын аймагында жайгашкан шаардык сотко берилет.
Арыз чечимди аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилиши мүмкүн.
Арызга аксакалдар сотунун чечими аткарылбай калгандыгын ырастоочу документтер тиркелет.
Белгиленген мөөнөтүнөн өткөрүү менен, болбосо зарыл документтер тиркелбей берилген арыз, каралбастан шаардык сот тарабынан кайтарылып берилет.
Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептерден улам өткөрүлүп жибергенде тараптардын өтүнүчү боюнча мөөнөт шаардык сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
Арызды шаардык сот алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө судья жеке өзү карайт. Мында судья аксакалдар сотунун чечими Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамына ылайык келишин текшерет.
Арызды кароонун жыйынтыктары боюнча аткартуу баракчасын берүү, болбосо аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат.
6. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
6.1. “ Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотуна Кара-Көл шаардык соту мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтөт.
Аксакалдар сотторуна усулдук жардам төмөндөгүлөрдү түшүндүрүү менен көрсөтүлөт:
- түшкөн ишти (материалдарды) кароого даярдоо боюнча аксакалдар сотунун иш-аракеттери (түшкөн арыздарды текшерүү, жабыркагандарды, күбөлөрдү суроо, аксакалдар соту карап жаткан инсан жөнүндө материалдарды топтоо)
-аксакалдар соттрунун иштерди кароонун тартибин, кароо мөөнөттөрүн;
- соттук отурумдун ппротоколун түзүү жана каралган иш боюнча чечим кабыл алуу, ошондой эле аксакалдар сотунун чечими боюнча даттануунун тартиби)
6.2. “ Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотунун отурумуна укук тартибин, ошондой эле отурумга катышууга зарыл болгон адамдарды заседаниеге чакыруу жана укук бузгандарды, жооп берүүчүлөрдү мажбурлап алып келүүнү Кара-Көл шаардык ички иштер органы камсыз кылат.
6.3. Шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин аппараты шаардык аксакалдар сотторунун ишмердигине таандык болгон Кара-Көл шаарынын мэриясынын, Кара-Көл шаардык кеңешинин токтомдору менен аксакалдар сотунун төрагасын тааныштырат.
7.Аксакалдар сотторун материалдык –техникалык жактан камсыз кылуу
7.1. Кара-көл шаардык аксакалдар сотун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо Кара-Көл шаарынын бюджетинин каражаттарынын, ошондой эле ар түрдүү юридикалык жактардан жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
7.2. “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-статьясына ылайык Кара-Көл шаардык аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай жазапулдар шаардык бюджетке чегерилет.
7.3. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн сыйлоо үчүн акчалай каражаттар айлык акы берүү же сый акы берүү формасында болушу мүмкүн.
7.4. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун чыгаша сметасы аксакалдар соту тарабынан түзүлөт жана шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет. Сметага ылайык шаардык бюджеттиин акыбалына жараша канцелярдык товарларга жана башка муктаждыктарга каражат бөлүнөт.
7.5. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотуна бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланышын контролдоону Кара-Көл шаардык кеңеши жана бухгалтериясы камсыз кылат.
Аппарат жетекчинин м.а.: Ч.М.Шералиева