Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 76/16-7
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын чечимин эске алып, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылындагы жаңы конушка өлкөбүздүн бүтүндүгүн жана мамлекеттин эгемендүүлүгүн коргоп, эл аралык террорчуларды жана экстремистерди жок кылууда өзүнүн жоокердик милдетин эр жүрөктүүлүк менен өтөгөн Э.Э. Мамытовдун эмгегин баалап, элесин түбөлүкө калтыруу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылындагы жаңы конушка Эдил Мамытовдун ысымы берилсин жана Мамытов Эдил көчөсү деп аталсын.
2. Географиялык обьектин атын атоо боюнча бардык чыгымдарын өтүнүч берген тараптардын эсебинен жүргүзсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Көл шаардык башкармалыгы ( Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Б.К.Молдомусаев) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жана Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэрине (Өскөн уулу Калыбай) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |