Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 77/16-7
«Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.10.2014-жылдагы № 51/15-6 токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.10.2014-жылдагы № 51/15-6 токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизип берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.10.2014-жылдагы № 51/15-6 токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун 11-пунктунун а) пунктчасы өзгөртүлүп, толуктоо киргизилип төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
а)мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электери бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо, мыйзам талабына жооп берсе ошондой эле, жер салыгы, ижара акылары толук төлөнсө.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрия (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |