КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 78/16-7
“Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган объектилерди 2018-2020-жж. менчиктештирүү программасы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, Турак жай кодексинин 61-беренесин жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарындагы жана Кетмен-Төбө айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган эки кабаттуу үйлөрдөгү менчиктештирилбеген батирлерди менчиктештирүү процессин иш жүзүнө ашыруу максатында Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2020-жылдарга Кара-Көл шаарындагы жана Кетмен-Төбө айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги объектилерди менчиктештирүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов) Кара-Көл шаарындагы жана Кетмен-Төбө айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги обьектилерди менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына шаардык кеңештин депутаттарынан мүчөлөрдү кошуу сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу вице-мэр (Г.О. Сатарова), көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |