Редакцияот 28.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

2018-жылдын 28-апрелиндеги № 79/16-7

 “Кара-Көл  шаарынын аймагынын Канат көчөсүнө кирип калган 8 түтүн үй-бүлөнүн короо жай участогун жана үй курула элек төрт участокту шаардын системалык каттоосунан чыгарып, Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын системалык каттоосуна өткөрүү жөнүндө”

Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүндөгү 8 түтүн  үй-бүлөнүн кайрылуусун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын башчысы К.А.Таштанкулованын кайрылуусун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,  Кара-Көл шаардык Кеңешинин кезектеги XVI  сессиясы төмөндөгүлөрдү  белгилейт:

Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүнө катталып калган 8 түтүн үй-бүлөнүн короо жай участоктору жана уй курула элек 4 участок шаардын башкы планы боюнча Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан.  Бирок  үйлөрдү документтештирүүдө Кара-Көл шаарынын Канат көчөсүнө катталып, шаардын системалык каттоосуна кирип калган. Бул жагдай жарандардын  жашоо  шартын татаалдаштырууда. Жарандардын  жашоо шартын ыңгайлаштыруу максатында  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин  3-бөлүмү, 21-беренсинини  4-бөлүмүн  жетекчиликке алып, депутаттардын Кара-Көл  шаардык кеңешинин  кезектеги  XVI сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаарынын  Жазы-Кечүү  айылынын аймактык башкармалыгынын  башчысы К.А.Таштанкулованын кайрылуусу, Кара-Көл  шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жер маселелери, инвестиция  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.

2. Кара-Көл  шаарынын  аймагындагы  Канат көчөсүнө кирип калган Жазы-Кечүү  айылынын  8 түтүн  жашоочуларынын короо жай участогу  жана үй курула элек 4 участок шаардын  аймагынан  чыгарылып, Жазы-Кечүү  айылынын  аймактык  башкармалыгынын карамагына  төмөндөгү  жарандардын үйлөрү жана жер участоктору өткөрүлсүн:

 

К.Мусуралиев көчөсүнө

-          Мусуралиев  Болуш- К.Мусуралиев №1

-           И.Дурболова  - К.Мусуралиев №2

-          А.Тыналиева  - К.Мусуралиев №1К

-          Айтмамбет Дурбелов -К.Мусуралиев №2К

-          Ж.А.Мырзакматов- К.Мусуралиев №3К

 

 А. Таштанов   көчөсүнө

-          Д.Т.Калназаров-  А.Таштанов №2К

-          Б.Т.Добурова  -  А.Таштанов №3К

-          М.Дуйшебаев- А.Таштанов №4К

-          Э.Бекбердиев - А.Таштанов №5К

 

 Ат коюла элек жаны конушка

-          К.Тумантаев

-          У.Т.Добурова

-          У.Т.Добурова

 

3. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз  мүлккө  укуктарды каттоо башкармалыгына (Г.Р.Сооронбаева), Жазы-Кечүү  аймактык башкармалыгына (К.А.Таштанкулова), ал эми көзөмөлдөө  жагы шаардык кеңештин  өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык  менчик  жана жер маселелери, инвестиция боюнча  туруктуу  комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Н.Кыргызалиев