Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 80/16-7
“Токтогул ГЭСтер Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү акы төлөө тарифтерин 2018-жылга бекитүү жөнүндө”
Токтогул ГЭСтер Каскадынын директору А.К.Кушубаковдун Токтогул ГЭСтер Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтерин 2018-жылга бекитип берүү жөнүдө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул ГЭСтер Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), Токтогул ГЭСтер Каскадына (А.К.Кушубаков), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
Тиркеме 1
Бекитилди:
Кара-Көл шаардык кеңешинин
28.04. 2018-ж. № 80/16-7 токтому менен
№ | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Өлчөм бирдиги | Тарифтери (сом менен) |
1 | Суу менен камсыздоо: | М3 | 3,50 |
| Өзү агуучу түтүктөн сордуруу менен | М3 | 2,70 |
| Өзү агуучу түтүктөн сордуруусу жок | М3 | 2,20 |
2 | Саркынды сууларды кетирүү | М3 | 2,35 |
3 | Суу менен камсыздоочу инженердик түйүнгө курулуш обьектини кошуу кызматын көрсөтүү | Иш/саат | 359,08 |
4 | Саркынды сууларды кетирүүчү инженердик түйүнгө курулуш обьектини кошуу кызматын көрсөтүү | Иш/саат | 363,5 |
Аппарат жетекчинин м.а.: Шералиева Ч.М.
№ | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Өлчөм бирдиги | Баасы ( сом) | Эскертме |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Суу менен камсыздоо: | м3 | 3,50 |
|
| Короо колонкаларынан сууну керектөө | 1 жашоочуга | 6,30 |
|
| Суу түтүктөрү, ваннасы жок канализация менен сууну керектөө | 1 жашоочуга | 10,50 |
|
| Суу түтүктөрү, ванна жана ажаатканалуу канализация менен сууну керектөө | 1 жашоочуга | 17,30 |
|
| Суу түтүктөрү, ванна жана бөлөк ажаатканалуу канализация менен сууну керектөө | 1 жашоочуга | 22,00 |
|
2 | Саркынды сууларды кетирүү | м3 | 2,35 |
|
| Суу түтүктөрү, ваннасы жок канализация менен саркынды сууларды кетирүү | 1 жашоочуга | 7,00 |
|
| Суу түтүктөрү, ванна жана ажаатканалуу канализация менен саркынды сууларды кетирүү | 1 жашоочуга | 11,60 |
|
| Суу түтүктөрү, ванна жана бөлөк ажаатканалуу канализация менен саркынды сууларды кетирүү | 1 жашоочуга | 14,80 |
|
3 | Катуу таштандылар 1 м3 108 сом | 1 жашоочуга | 10,80 |
|
4 | Суюк таштандылар 1 м3 108 сом | 1 жашоочуга | 10,80 |
|
5 | Батирлерди техникалык тейлөө | Жалпы аянттардын 1 м2 | 1,20 |
|
Аппарат жетекчинин м.а.: Шералиева Ч.М.