Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 81/16-7
“Кара-Көл шаар аймагына караштуу жерлерде жол белгилеринин коюлушун териштирүү боюнча түзүлгөн убактылуу жумушчу комиссиянын корутундусу жөнүндө”
Кара-Көл шаар аймагына караштуу жерлерде жол белгилеринин коюлушун териштирүү боюнча түзүлгөн убактылуу жумушчу комиссиянын төрагасы Г.А.Толубаевдын Кара-Көл шаар аймагына караштуу жерлерде жол белгилеринин коюлушу жөнүндө корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаар аймагына караштуу жерлерде жол белгилеринин коюлушун териштирүү боюнча түзүлгөн убактылуу жумушчу комиссиянын төрагасы Г.А.Толубаевдын Кара-Көл шаар аймагына караштуу жерлерде жол белгилеринин коюлушу жөнүндө корутундусу эске алынсын.
2. ШММБгы жол белгилерин сатып алууга шаардык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын убактылуу жумушчу комиссиянын корутундусундагы иш чаранын приоритеттүүлүгүнө карап мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталга жарыялап иш-чара жүргүзсүн.
3. ШММБгы Кара-Көл шаар аймагына караштуу жерлерде жол белгилеринин коюлушун териштирүү боюнча түзүлгөн убактылуу жумушчу комиссиясы тарабынан сунушталган шаар аймагындагы эң кооптуу жерлерге жол белгилерин орнотсун.
4. Кара-Көл жол тейлөө башкармалыгынын (ДЭП-30) башчысы Э.Б.Сейталиев убактылуу жумушчу комиссиянын сунушу боюнча Бишкек-Ош жолунун 318-427 км чейинки аралыктагы жол белгилерин жана жол чийимдерин талапка ылайык ирээтке келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын ММБна (Э.Э.Бабаканов), Кара-Көл жол тейлөө башкармалыгынын (ДЭП-30) башчысы Э.Б.Сейталиев, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкуловго) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |