КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 83/16-7
“Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2017-жылда аткарылышы жана 2017-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчету жөнүндө”
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 44-беренесинин 8-бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2017-жылда аткарылышы жана 2017-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчетун жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2017-жылда аткарылышы жана 2017-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчету жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрү эске алынсын жана Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Шаардагы мекеме-ишканалардын 2017-2018-жылга бекитилген пландарынын аткарылышы боюнча шаардык мэрия тарабынан көзөмөл күчөтүлсүн.
- Шаардык бюджеттен каралган шаар ичиндеги жолдорду асфальттоо жана дем берүүчү (стим грант) боюнча шаар ичинде оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдан бери толук кандуу бүткөрүлбөй жатканы ушул себептерден республикалык бюджеттен шаарга инвестиция тартылбай калганы белгиленсин.
- "Энергетик" маданият үйүнүн чатырын капиталдык ремонттоого 2017-жылы бөлүнгөн акча каражаты толук кандуу жыл ичинде пайдаланылбагандыгы жана шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын 13.03.2017-жылдагы №5сандуу протокулдук чечими (каржылоо суммасынын авансалык төлөмү 30%дык чектөөдөн ашпоо) аткарылбагандыгы белгиленсин
- Кара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев), ШММБнын башкаралмалыгына (Бабаканов Э.Э.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.) бөлүнгөн акча каражаттарды “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык (сатып алуулар, товар жана кызмат көрсөтүү) төлөнүүчү акча каражаттары 100%ыз аткарылгандан (кабыл алуу актысы) кийин гана каржыланышы конкурстун шарттарына талап катары киргизүү жагы милдеттендирилсин
- Бала-бакчаларда ата-энелер тарабынан төлөнүүчү взностун эсебинен коюлган план аткарылбай жаткандыгы белгиленсин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги (Осмонкулов Ж.Т.). шаардык БББНүн башчысы (А.Б.Мырзалиева) менен биргеликте тиешелүү иш чараларды жүргүзсүн.
- Кара-Көл шаарынын мэрине (И.М.Еркеев) ушул токтомду 4,5,6- пунктыларында белгиленген кемчиликтерди жоюу жана мындан ары жол бербөө боюнча тиешелүү жетекчилерге чараларды көрүү сунушталсын.
- Кара-Көл шаардык БББнүн башчысына (А.Б.Мырзалиева) жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин мугалимдер арасында келе жаткан түшүнбөстүктөрдү жоюу сунушталсын.
- Кара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев) Кетмен-Төбө айыл аймактык башкармалыгындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансында турган жылуулук борборун өткөрүп алуу боюнча иш-чара иштеп чыксын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлдөө шаардык, кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров), бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.