Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 84/16-7
“Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 2017-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иш-чаралары жөнүндө отчету”
Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2017-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иш-чаралары жөнүндө ММБнын башчысы Э.Э.Бабкановдун отчетун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт:
2017-жылга ШММБна - 81 штаттык бирдик бекитилген, аппарат кызматкерлери 16, жумушчулар 72.
2017-жылдын кыш мезгилинде шаар аймагында ММБнын жумушчулары тарабынан Масиров, Ленин, Серый, Төрөкулов, Сабиров, көчөлөрүндө карлар сүрүлүп, тепкичтери тазаланган (инертный материал) туздар себилген шаар ичиндеги 200 даана жолбун иттер атылган. “Энергетик” спорт комплекстин айланасы эс алуу парктын ичиндеги жана коомдук жерлер таштандылардан тазаланган. Шаар ичиндеги эскирген бак-дарактарга санитардык чаралар жүргүзүлгөн.
Март, апрель жана май айларында ишембилик болуп шаар ичиндеги бак-дарактар бардюрлар, парапеттер жана патпорный дубалдар тазаланып, акталган 400 кг акиташ жумшалып, 900 тонна таштанды чыгарылган.
Бекташ көчөсүндөгү мечиттин айланасына 60 даана көчөт отургузулган. Комсомол көлүндө жана “Энергетик” паркында тазалоо, жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн.
“Энергетик” паркына Комсомол көлүнө 57 даана жарыктандыруу чырактары коюлган.
Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу ижарага берүү жана аукцион өткөрүү боюнча жер комиссиясынын курамы 17 отурум өткөрүп, 392 маселе каралган. Алардын ичинен түз сатык ыкмасы менен 19 жер тилкеси жана аукцион ыкмасы менен 6 жер тилкелери жеке менчикке сатылган. Түз ыкмасы менен 64 жер тилкеси ижарага берилген. Жер тилкелерин ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу боюнча 5 ирет аукцион өткөрүлүп 102 жер тилкеси ижарага берилген. 166 буйрук чыгарылып, жер тилкелерин ижарага берүү боюнча 166 келишими түзүлгөн анын ичинде коммерциялык негизде -32; багбанчылык огород-109; гараж-13; контейнер коюу-1; сулуулук салонун ачуу-1; балдар үчүн көңүл ачуу оюндарын уюштуруу-2; киоск коюу-1; жеңил конструкциядан дарыкана куруу-1; жеңил конструкциядан ашкана куруу-1; навес куруу-1; жеңил конструкциядан тепкич орнотуу-1; шишкебек иштетүү үчүн-1; унаа оңдоочу жай-1; жеңил конструкциядан кемеге куруу-1; жер ижарасынан 1384,1 миң сом, имарат ижарасынан 243,0 миң сом жана жер сатуудан 484,0 миң сом жалпысынан бюджетке 2111,1 миң сом акча түшүрүлгөн.
Муниципалдык менчикте турган имараттарды ижарага алган жарандардын саны - 18, муниципалдык менчикте турган жер тилкесин жеке менчикке сатуу боюнча -18; ижара акысын жана жер салыгын өндүрүү боюнча 272 билдирүү берилген.
Шаардык кеңештин 27.04.17-ж. №18/4-7, №19/4-7, тиркемелериндеги бекитилген шаардык мэриянын “Өнүгүү бюджетине” каралган курулуш, ремонт, сатып алуу иш-аракеттерди ишке ашыруу максатында конкурстар тендерлер жарыяланып, жыйынтыгы боюнча уткан мекемелер менен келишим түзүлүп, иштер толук кандуу аткарылган эмес аткарылган жумуштардын сапатсыз жасалгандыгы белгиленген.
“Өнүгүү бюджетинин иш-планына кошумча келишим менен узартылып, кээ бир обьектилер, шаардын ички жолдоруна асфальт төшөө иштеринин айрым кемчиликтерин оңдоо боюнча “ОРЕКЕ” ЖЧКна эскертүү берилген.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2017-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иштери жөнүндө ММБнын башчысы Э.Э.Бабакановдун отчету эске алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Шаардык мэрияга, ММБна каражат бөлүнгөн обьектилердин өз убагында сапаттуу аяктоосун көзөмөлгө алуу, аларга болгон талапты күчөтүү милдети жүктөлсүн.
3. Шаардык мэрия, муниципалдык менчик башкармалыгы 2018-жылдын обьектилеринин көлөмүн, сарпталуучу каражаттарды (смета түзүүдө) тактоодо, иш аткаруучуларды (подрядчиктерди) тандоодо, тендерлерди өткөрүүдө ачык айкындуулукту камсыз кылуу милдети жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |