Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 8 августу № 17
Спорт комплекс жана кичи футбол аянтчасы жөнүндө
Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Ж. Тажибаев атындагы спорт
комплексинин абалын, алып барып жаткан иштерин ремонт иштери толук
бүткөндөн кийин айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында кайрадан
маселеси каралсын.
2. Кичи футбол аянтчасынын ишин жүргүзүү, түшкөн кирешени айыл
өкмөтүнүн бюджетине төгүү жоопкерчилиги, жаштардын өкүлү Жумабай
уулу Жеңишке жүктөлсүн жана жалпы көзөмөл айыл өкмөтүнүн башчысы
Р. Курманкулов милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |