Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 86/16-7
“Шаардык бюджеттин 2017-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңештин “Кара-Көл шаардык бюджеттин 2016-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарын каржылоо жөнүндө” 27.04.17-ж. №18/4-7, “2016-жылдын 4-кварталынын жыйынтыгы менен сатуудан түшүүчү салык боюнча шаардык бюджетте пайда болгон жоготууну республикалык бюджеттен шаардык бюджетке берилген компенсациялык бюджеттик каражатты каржылоо жөнүндө” 27.04.17-ж. №19/4-7, “Кара-Көл шаарынын 2017-жылга шаардык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” 27.04.17-ж. №20/4-7 сандуу токтомдорун жана аталган токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө шаардык кеңештин 30.05.17-ж. №25/5-7, 31.07.17-ж. №42/8-7, 21.06.17-ж. №№28,29/6-7, 15.12.17-ж. №60/11-7 сандуу 5(беш) жолку токтомдорун аткарууда 2017-жылдын жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун шаардык кеңешке жолдогон 14.02.18-ж. №03-03/14 чыгыш сандуу катынын негизинде Ж.Т.Осмонкуловдун билдирүүсүн, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун кошумча маалыматын угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңештин 2017-жыл ичинде тиешелүү токтомдорун аткаруунун жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун шаардык кеңешке жолдогон 14.02.18-ж. №03-03/14 чыгыш сандуу катынын негизинде Ж.Т.Осмонкуловдун билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун кошумча маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык бюджетте 2017-жылдын жыйынтыгы менен (2 631,1миң сомдук атайын каражатты эске албаганда) пайда болгон 5 800,2миң сомдук бош калган, үнөм каражаттын эсебинен шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин 2018-жылдын 1-январына пайда болгон 4 759,8миң сомдук кредитордук карыздарды жана 1 040,4миң сомдук бош калган, үнөм каражаттарды “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 44-беренесинин 4-пунктунун талабынын негизинде №№1,2 тиркемелерге ылайык мыйзам чегинде каржылануусу бекитилсин жана аталган каражаттар шаардык 2018-жылдын бюджетинде эске алынып, шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин бюджетине тиешелүү тактоо (“уточнение”) киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин” 103-беренесинин 1,3-пунктунун талабынын негизинде шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |