Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрелиндеги № 88/16-7
“З.К.Казатовага “ Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казатова Зоя Казатовнага шаардын жогорку “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Кара-Көл шаардык мэрия жана шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө салтанаттуу Казатова Зоя Казатовнага “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилгендиги боюнча күбөлүк, грамота жана төш белги берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |