Редакцияот 08,05,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

 Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VI шайланган ) кезексиз VIII сессиясы

 

2018-жыл 8-майы №8/1

 Кашка-Жол айыл аймагына караштуу Тоготой айылындагы "Ала-Тоо булагы 1"ичүүчү таза сууну керектөөчүлѳрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2018-жылга штаттык бирдигин жана тарифин бекитүү жѳнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 2212-"комуналдык кызматтар жана байланыш кызматтар" беренесине ылайык 04.05.2018-жылдагы жалпы элдик жыйынын карап жана талкуулап Кашка-Жол айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Тоготой "Ала-Тоо булагы 1" ичүүчү таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төмөндөгүдой штаттык бирдикке: башчы, эсепчи, 2-сантехник ,кароол болуп бекитилсин.

2. Ичүүчү таза суу үчүн тариф ар бир үйгө м3 үчүн 35сом, соц.обьектилерге 25 сом, комерциялык негизде пайдалангандарга 50 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Тоготой айылдык ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин тѳрагасына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Т. Оморов.