Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 8-майы №8/4
Кашка-Жол айыл аймагындагы Жаңы- Талап айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 3.05.2018-жылдагы № 5 Протоколу боюнча Жаңы-Талап айылынын башчысы А. Ырыскуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Жол айыл аймагындагы Жаңы- Талап айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 3.05.2018-жылдагы № 5 Протоколу бекитилсин.
2. Жаңы-Талап айылындагы кѳпүрѳѳгѳ согуштун жана эмгектин ардагери Мамат уулу Токонун ысымы ыйгарылсын.
3. Мамат уулу Токо атындагы кѳпүрѳѳнүн кѳрнѳгүн илүү жана абалын карап туруу жагы Мамат уулу Токонун балдарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Талап айылынын айыл башчысы А.Ырыскуловго тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Оморов. |