Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-январы №12/56
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-декабрындагы №139 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорло институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентарлоо материалдарын карап чыгып, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор районун Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентарлоо боюнча материалдарын, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик адмиминистрация башчысынын 2016-жылдын 3-сентябрындагы №163б буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Макишовко милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |