Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 11-июну № 19
Жол жээгине курулуучу арка үчүн, Кыл-Чокой участкасындагы таза суу скважинасынын айланасын тосуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуш каты жана «Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын» билдирүүсүн угуп талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-бенесин, 18-беренесинин 7-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак – Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн чек арасына арка жана жол жээгине курулуш куруу үчүн 0,06га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Кыл-Чокой участкасындагы таза суу ичүүчү скважинасынын айланасын тосуп санитардык талапка келтирүү үчүн 0,05га жер аянты бөлүп берилсин.
3. Өзгөн райондук «Мамкаттоо» башкармалыгынан, бөлүнгөн жер участогун каттоого алуу жагы суралсын.
4. Өзгөн райондук шаар куруу архитектура башкамалыгынан тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
5. Бөлүнгөн жер аянтын максаттуу пайдалануу, сапаттуу курулуш курулушуна жоопкерчилик милдети, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловко милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |