Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты №13/60
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө демөөрчүлөр тарабынан кыштоолордо жашагандардын балдарын мектепке ташуу үчүн сатылып алынган кичи автобусту айыл өкмөтүнүн балансына кириштөө жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Демөөрчүлөр тарабынан сатылып алынган кичи автобусту комиссия менен базар баасында баалап Сары-Булак айыл өкмөтүнүн балансына кириштөө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин райондук бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин.
2. Жогорудагы алынган кичи автобуска үч тараптуу келишим түзүп иштөөтү менен күйүүчү, майлоочу майларына, авто тетиктерине керектелүүчү жана айдоочунун эмгек акысына керектелүүчү акча каражаттарын демөөрчүлөр аркылуу таап камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |