Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты №13/61
Сары-Булак айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Булак айыл аймагынын жайыт комитети тарабынан «Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында АРИС тарабынан каржылануучу акча каражатына ветеринардык клиника куруу долбоору жактырылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын жайыт комитети тарабынан “Мал чарбасынын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында АРИС тарабынан каржылануучу акча каражатына ветеринардык клиника куруу салым катары 110,0(жүз он миң) сом, архитектура башкармалыгына 30,0(отуз миң) сом, баардыгы 140(жүз кырк миң) сомду пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |