Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты №13/62
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна ылайык Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Булак айыл өкмөтү боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
1) Кайрак айдоо -1,0 га -60 сом
2) Чабындылар -1,0 га -50 сомдон бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарга киргизилген айыл чарба жерлери үчүн айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдө ошол район үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдик белгиленгени эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Жумамүдүн уулу |