ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык Кеңешинин XVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018-жылдын 16-апрели №27
Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3,4 бөлүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2018-жылынын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №80 токтомуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2018-жылынын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №80 токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын
2. 2018-жылдын 19-январындагы Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3, 4 бөлүмдөрүнө төмөдөгүдөй өзгөртүү киргизилсин
3. Достук айыл өкмөтүндө берилүүчү төмөндөгү маалымкаттар акысыз берилсин:
-жашаган жеринен маалымкат берүү
-үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү
-бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү
-майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Достук айылынын жооптуу катчысы А.Байбековага милдеттендирилсин
6.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Достук айылдык Кенешине жүктөлсүн,
Тѳрага | К. Өмүрканов |