Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 20
Ири жана кичи долбоорго приоритеттүү маселелерди бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын отурумунун проколунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири долбоорго Адыр айылына бала бакча куруу, кичи долбоорго Бабыр айылынын бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге интерактивдүү доска алуу зарыл деп табылсын.
2. Жогорудагы приоритеттүү маселелер облустук конкурстук комиссияга сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |