Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-февралы №1
Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2018-жылдын 21-февралындагы болуп откон VII- чакырылышынын 2- сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбекованын сунушун угуп, талкуулап, карап чыгып Өзгоруш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл аймагындагы Талас- Тараз- Суусамыр трассасынын жана ички көчөлөргө ташталган таштандылар (кум, таш, шагыл,кык, малдын тоюттары,курулуш материалдары, айыл чарба техникалары) жол жээгинен алынсын.
2. Өзгөрүш айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган объектилердин тегерегине таштанды таштоого тыюу салынсын. (стадиондор, мектептер, бала бакча, токой тилкелери)
3. Эскертүүдөн кийин өз убагында таштандыларды алынбаган жарандарга 5000-10,000 сомго чейин айып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Батырбековага жөктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | А. Атамбеков |