Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-февралы №4
Өзгөрүш айылдык Кенешинин VII чакырылышынын II -сессиясы айыл окмотунун 2018 –жылга долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин көлөмү киреше чыгашасы менен 7572,7 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
- Теңдөөчү грант 3820,2 миң сом ,
- Иш берүүчү тарабынан айлык акыдан кармалуучу киреше салыгы 778,0 миң сом ,
- Милдеүү патенттин негизинде салык 30, миң сом,
- Кыймылсыз мүлккө салык 220,0 миң сом,
- Транспорт ээлеринен алынуучу салык 329,7 миң сом,
- Короо-жай жер салыгы 176,0миң сом,
- Айыл чарба жер салыггы 660,0 мин сом,
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 78,0 мин сом,
- Сатуудан алынуучу салык 200,0 мин сом,
- КБФ жерлердин аренда акысы 190,0 миң сом,
- Чакан ишкердик субъектилер үчүн бирдиктүү салык 7.0 мин сом,
- Жайыт жерлеринин ижара акысы 100,0 мин сом,
- Калктуу конуштарда жер ижара акысы үчүн 160,0 мин сом,
- Атайын каражат(ата-энелер толому) 455,8 миң сом,
Чыгашалар бөлүгу 7572,7 мин сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүм боюнча бекитилсин:
1.Башкаруу аппаратына 45508 мин сом,
2.Билим берүү бөлүмүнө 30,0 миң сом,
3.Социалдык коргоо бөлүмүнө 1874,8 миң сом,
4.Турак жай комуналдык болүмүнө 857,3 миң сом,
5.Маданият бөлүмүнө 134,1 миң сом,
6.Коргонуу бөлүмүнө 120,0 миң сом,
1. 2018-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын.(эмгек акы, соц.фонд, тамак-аш).
2. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык тушсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык аймактык Кеңештин сессиясына сунушталсын.
3. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
4. Бөлумдөн бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айылдык аймактын Кеңешинин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлсүн.
5. 2017-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2018-жылга 2,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсепттик счетто сакталсын.
6. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 16-январындагы №Б-9/1 буйругуна ылайык, 2018-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 мин сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
7. Ошондой эле “КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнундө Мыйзамынын” 21-статьясынын негизинде 2018-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1 %нын эсебинен 75727 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
8. 2018-жылдын бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г. Эдигеевага тапшырылсын.
9. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
10. Салык Кодексинин 328-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти К1-1,034 болуп белгиленсин.
11. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги(текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
12. КР Окмотунун 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомунун 1-пунктунда корсотулгондой билим беруу уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары билим беруу Министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
13. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранты коргоодогу статьялары (айлык акы, соц.фондко чегерүү ж.б) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
14. Айыл өкмөтүнүн балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан откорбой туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаарыжонундо мыйзамда корсотулгондугу эскертилсин.
15. Жергиликтуу бюджеттин 2019-2020 жылдарга болжолу томондогудой суммада белгиленсин.
а) 2019 жылга бюджеттин колому (киреше чыгашасы менен) - 6696,7мин сом
анын ичинен: жергиликтуу салыктардын чегеруусу - 5393,8 мин сом
тендоочу грант - 1302,9 мин сом
б) 2020 жылга бюджеттин колому (киреше чыгашасы менен) - 6741,4 мин сом
анын ичинен: жергиликтуу салыктардын чегеруусу - 5559,8 мин сом
тендоочу грант - 1181,6 мин сом
16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Атамбеков |