Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 21
Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кылмыштуулук боюнча алып барган иштери жөнүндө
Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын милиция бөлүмчөсүнүн 2016-жылдын 10 айында алып барган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адистери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу, жашы жете электерге зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча тыгыз иш алып баруу, айылдын милиция бөлүмчөсүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагында каттоого алынган өзгөчө жаш өспүрүмдөр менен, жашы жете электерге зордук зомбулук боюнча катталган кырсыктуу окуяларды токтоосуз айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча адистерине кабарлоо милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |