Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты №6
Өзгөрүш айылдык Кенешинин 2018-жылдын 30-мартындагы болуп откон VII- чакырылышынын 3- сессиясында Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы С. Токобаевдин сунушун угуп, талкуулап чыгып Өзгөрүш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайытка чыгуучу малдардын жайыт билетине төлөнүүчү акылары төмөндөгүдөй бекитилип берилсин:
Ø Бодо малга -150 сом (4 мезгил)
Ø Жылкы жазтоо-100
Ø Жайлоо-50 сом
Ø Кыштоо-50 сом
Ø Жыл бою жайытта жайылган жылкыларга -200 сом
Ø 6 айга чейинки тайларга жайыт акы алынбайт.
Жандык мал (кой, эчки)
Ø Жазтоо-10 сом
Ø Жайлоо-10 сом
Ø Күздөө- 5 сом
Ø Кыштоо-5 сом
Ø 5 айга чейинки козуларга жайыт акы алынбайт.
2. Ветеринардык аныктамасы (справка) жок жайыт билети берилбейт.
3. 2018-жылдын 1- майына чейин жайыт акынын 60 % төлөнсүн.
4. 2018-жылдын 1- ноябрына чейин жайыт акынын 40% төлөнүп бүткөрүлсүн.
5. Өз убагында төлнбөгөн жайыт акыларына күн сайын 0,05% штраф салынсын.
6. Корукка алынган сайга же участокко уруксаты жок малдар жайылып, жайыт жерлерди деградацияга алып келсе 5000-15,000 мин сомго чейин айып пул салынсын.
7. 2018-жылдын 1- мартынан-15 октябрына чейин талаа, дыйкандардын үлүш жерлерине, жол жээктерине жайылган малга бодо мал жана жылкыга (ар бир башына) 500 сом,жандык малга (ар бир башына) 50 сом айып пул салынсын.
8. Жайыт жерлерди пайдаланып жүргөн малчылар өз убагында жайыт акылары төлөнбөсө жайыт жерлери кайтарылып алынсын.
9. Контур менен жайытка тиешелүү жерлердин башка максатка колдонуу үчүн арендага берүү акысы 1,0 га жер аянтына 1000 сом акча төлөнсүн
10. Малды кайтарууга төлөм акылары төмөндө көрсөтүлгөн суммада бекитилсин
Ø Кой-50 сом
Ø Бодо-350 сом
Ø Жылкы -500 сом
11. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы С. Токобаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Атамбеков |