Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын IV кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 22
Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кафе-барлардын иштөө мөөнөтүн чектөө жөнүндө
Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн 26-октябрь 2016-жылдагы № 16-4855 сандуу катынын негинде жана Регламент, мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кафе-барлардын, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуучу дүкөндөрдүн ээлерине кышкы мезгилде таңкы саат 9-00 дөн кечки саат 22-00 гө чейин, ал эми жайкы мезгилде таңкы саат 8-00 кечки саат 23-00 гө чейин иштөө мөөнөтү белгиленсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан кафе-барлардын, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуучу дүкөндөрдүн ээлерине иш убактысын чектөө эскертилсин.
3. Айылдык милиция бөлүмчөсүнө токтомдун негизинде көзөмөлдөп иш алып баруусу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |