Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2017-жылдын 15-ноябры №3/2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М.Садыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы 1959-жылы курулуп бүткөрүлгөн эски мончо 24.12.2009-жылдагы келишим менен Мантыш айылынын тургуну Оторбаев Токтобекке жеке менчикке 10000(он миң) сомго сатылып акча каражаты толугу менен төлөнүп бүткөрүлгөн.
Оторбаев Токтобек каза болуп калгандыгына байланыштуу бул мончо Оторбаев Токтобектин аялы Кудайбергенова Айтолкунга жеке менчикке мыйзамдаштырылып берилсин.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |