Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты №15/1
Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2018-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Н.Мукановдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2018-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1. Айдоо (соко) 1 га. 1000 (бир миң) сом; 25 литр күйүүчү май.
2. Малалоо бир сыйрасы 1га. 300(үч жүз) сом; 10 литр күйүүчү май.
3. Планировка 1га. 300(үч жүз) сом; 10 литр күйүүчү май.
4. Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1 га. 500 (беш жүз) сом 15 литр күйүүчү май.
5. Арык тартуу узундугуна карабай 50(элүү) сом 5 литр күйүүчү май.
6. Эгин чабык (комбайн) 1 га. 1000 (бир миң) сом; 25 литр күйүүчү май.
7. Чөп чабык 1га. 1000 (бир миң) сом- 600 (алты жүз) сом 10 литр күйүүчү май.
8. Чөп таңгактоо бир даана таңгак 5(беш) сом 1га. жер аянтына 10 литр күйүүчү май.
9. Эгин, чөп, саман тартып жеткирүү 1 рейсине 300(үч жүз) сом 10 литр күйүүчү май.
2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Н.Мукановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |