Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты №15/2
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2018-жылга карата жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы бадачылардын эмгек акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Н.Мукановдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Кой, козу башына 25 (жыйырма беш) сомдон.
- Эчки, улак башына 30 (отуз) сомдон.
- Уй, торпок башына 200 (эки жүз) сомдон (саандарына мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).
- Жылкы, тай башына 200 (эки жүз) сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).
2. Кара-Суу айыл аймагынынын тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2018-жылдын 20-апрель күнүнөн калбай алыскы жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.
3. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 2018-жылдын 20-апрель күнүнөн башталсын. Малды корук айдоо аянттарына жайган атуулдарга 1 (бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей -20 (жыйырма) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сом айып пул белгиленсин.
4. Жайлоодон төрт түлүк малды 2018-жылдын 5-октябрынан эрте көчүрүп түшүргөн бадачыларга 1(бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей -50(элүү) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сомдон айып пул салынаары эскертилсин.
5. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Н.Мукановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |