Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-апрели №16/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Курчап Турган Чөйрөнү Коргоо жана Токой Чарбасы Мамлекеттик Агенттигинин Жаратылышты Коргоо жана Токой Тармагын Өнүктүрүүнүн Республикалык Фонду тарабынан, Кара-Суу айыл аймагында түзүлүп уюштурулуп жаткан муниципалдык ишканага берилүүчү атайын техниканы алууга, өздүк салым үчүн Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетиндеги Орток айылынын жарыктандыруусуна бөлүнгөн акча каражатынан 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын которуу боюнча, Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты Р.Салбаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык ишканага атайын техника алуу үчүн өздүк салым катары, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетиндеги Орток айылынын жарыктандыруусуна бөлүнгөн акча каражатынын 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты пайдаланылсын.
2.Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Н.Мукановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |