Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели №17/2
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты С.Табылдиевдин айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине атайын техника алуу боюнча өздүк салымга акча которуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” (АРИС) долбоору аркылуу сатылып алынуучу атайын техниканын гранттык каражатынын өздүк салымына (25%) акча каражаты, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин гранттык счетуна 2018-жылдын 30-майына чейин которулуп берилсин
2.Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жана жайыт пайдалануучулар бирикмесине милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |