Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-апрели №18/1
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө орто мектебинин чатыры 2018-жылдын 27-апрель күнү катуу шамалдын кесепетинен жабыр тартып, тез аранын ичинде кайрадан оңдоо керектиги келип чыккандыктан, Кочкор райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын 2018-жылдын 28-апрель күнүндөгү актысына ылайык Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты Сапарбек уулу Кенжебектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Дөбө орто мектебинин чатыры 2018-жылдын 27-апрель күнү катуу шамалдын кесепетинен катуу жабыр тарткандыктан, кайрадан оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин мектеп бөлүмүнүн “Имараттын учурдагы оңдолуусу” 22211100-беренесинен 84580 (сексен төрт миң беш жүз сексен) сом акча каражаты пайдаланылсын.
2.Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Н. Мукановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |