Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-майы №19/1
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлерди көрсөткөн сунуштарын карап жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына төмөндөгү атуулдар талапкер болуп көрсөтүлсүн:
1. Эгембердиев Бакыт Жолдошбекович
2. Мусагул уулу Амантур
3. Курманбек уулу Темирбек
4. Молдогазиев Максатбек Аманкулович
5. Өмүрканов Теңизбек Акимович
6. Мамыров Кубанычбек Ишекеевич
2. Көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Тѳрага | Т. Курткаев |