Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы №21/1
“Өнүктүрүү саясат институту” мекемеси ишке ашырган Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында, конкурска катышып, 2 000 000 (эки милион) сом акча каражатын утуп алганын жана ал акчага Мантыш айылынын клубунун ремонтуна 1000 000 (бир миллион) сом, Кара-Суу айыл өкмөтүнө эксковатор техникасын сатып алууга 1000 000(бир миллион) сом , жергиликтүү бюджетке кириштөө жана чыгыштоо жөнүндө долбоордун айыл өкмөтү боюнча өкүлү Кызыл-Дөбө айылынын айыл башчысы Б.Садыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнүктүрүү саясат институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунан утуп алган 2 000 000 (эки милион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 14411100 беренесине кириштелсин.
2. Өнүктүрүү саясат институтунун «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунан утуп алган 1000 000 (бир милион) сом акча каражаты Мантыш айылынын клубунун оңдоо иштерине 2221 беренесине жана Кара-Суу айыл өкмөтүнө эксковатор техникасын сатып алууга 1000000 (бир миллион) сом акча каражаты 3112 беренесине чыгышталсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысыныны милдетин аткаруучусу Н.Мукановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |