Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июну №22/2
Кара-Суу айыл аймагындагы Кочкор-Орток жолундагы жаңы көпүрөнүн сметасын түзүү үчүн Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетиндеги Орток айылынын жарыктандыруусуна бөлүнгөн акча каражатынан 64000 (алтымыш төрт миң) сом акча каражатын которуу боюнча, Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты Р. Салбаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Сууайыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы Кочкор-Орток жолундагы жаңы көпүрөнүн сметасын түзүү үчүн Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетиндеги Орток айылынын жарыктандыруусуна бөлүнгөн акча каражатынын 64000 (алтымыш төрт миң) сом акча каражаты пайдаланылсын.
2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Молдогазиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Курткаев |