Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы №1/1
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган 1 496 541 (бир миллион төрт жүз токсон алты миӊ беш жүз кырк бир) сом калдык акча каражаттары төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
№ | Аталышы: | Суммасы (сом): |
1 | Ак-Моюн айылына курула турган ветеринардык клиниканын өздүк салымына | 209159 |
2 | Бирдик айылына курула турган купканын өздүк салымына | 24396 |
3 | Ак-Моюн айылына салына турган көпүрөнүн өздүк салымына | 136262 |
4 | Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттоо боюнча өздүк салымына | 509000 |
5 | Бирдик айылына көчө чырактарын коюуга | 428382 |
6 | 2017-жылда Ак-Моюн айылдык кеӊешинин төрагасына (компенсация) айлык акысы берилбей калгандыктан 2017-жылдын айлык акысына | 11600 |
Соц.фондго чегерүүгө | 2000 | |
7 | Тамчы-Булак» балдар бакчасынын тамак-ашына | 30000 |
8 | «Бирлик-Таазими» балдар бакчасынын тамак-ашына | 25000 |
9 | Интернет байланышына кызмат көрсөтүү үчүн | 15000 |
10 | Ак-Моюн айылдык кеӊешинин сессияларынын токтомдорун сайтка жарыялоо үчүн кызмат көрсөтүүгө | 19742 |
11 | А.Койчуманов атындагы орто мектептин техусловиясын бүткөрүүгө | 10000 |
12 | С.Мурзакматов атындагы орто мектебине ички тазалык боюнча жабдыктарын алууга | 10000 |
13 | Ак-Моюн айылдык китепканасына жана Бирдик айылдык китепканасына баннер жасатууга | 4000 |
14 | Ак-Моюн, Бирдик айылдарынын борбордук көчөлөрүнө баннер жасатып ураан илүүгө | 12000 |
15 | Ак-Моюн айыл аймагында атуулдукту берүүгө медаль жасатууга | 50000 |
| Бардыгы: | 1496541 |
2. Ак-Моюн айыл аймагындагы бала-бакчалардын ата-энелерден чогулган 2017-жылдан калган 9700 сом калдык акча каражаты которулуп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн убактылуу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин кошумча аткаруучуга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Асаналиев |