Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели №2/1
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу баалары 2018-жылга карата төмөндөгүдөй бекитилсин:
1 (бир) гектар жерге карата:
- Аӊыз жерди айдоо: 700 сом. 25 литр солярка,
- Дыӊ жерди айдоо: 950 сом. 30 литр солярка,
- Тырмоо: 350 сом. 10 литр солярка,
Эгер эки жолу тырматса дыйкан 10 литр солярка кошуп куят.
- Сеялка: 350 сом. 10 литр солярка,
- Арык тартуу: 150 сом. 5 литр солярка,
- Ешка: 1000 сом. 10 литр солярка,
- Косилка: 700 сом. 10 литр солярка,
- Бир боо пресс чөп 7 сом. 10 литр солярка,
- Комбайн: 1500 сом. 25 литр солярка .
2. Бирдик айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу баалары 2018-жылга карата төмөндөгүдөй бекитилсин:
1 (бир) гектар жерге карата:
- Аӊыз жерди айдоо: 700 сом. 25 литр солярка,
- Дыӊ жерди айдоо: 1000 сом. 30 литр солярка,
- Тырмоо: 500 сом. 10 литр солярка,
- Сеялка: 400 сом. 10 литр солярка,
- Арык тартуу: 150 сом. 5 литр солярка,
- Ешка: 1000 сом. 10 литр солярка,
- Косилка: 700 сом. 10 литр солярка,
- Бир боо пресс чөп 7 сом. 10 литр солярка,
- Комбайн: 1500 сом. 25 литр солярка.
3.Малдын көчүү-конуу баалары жана жайыт акылардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Мал баккан малчыларды ички жайытка кочуруу 1майдан 5майга чейин. Алыскы жана ортонку жайытка кочуусу 10- июндан калбай кочурулсун.
2. Баданы уюштуруу 1-майдан калбай колго алынсын. Уюштуруу жагы айыл окмоттун кызматкерлерине милдеттендирилсин. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин.
3. Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны бир ат, эки уйдан ашпасын. Ал эми чабырчыга мал кошууда тутунго 5(беш) баш майда жандыктан ашык кошулбасын.
4. Ак-Моюн айылына бада уюштурулуп, бадачынын эмгек акысы, бир уйга айына 250 сомдон бааланып, бадачыга төлөнүп берилсин. Бирдик айылы боюнча бир уйга айына 200 сомдон бааланып, бадачыга төлөнүп берилсин.
5. Жайкы айылдагы камакка тушкон Бодо мал туягына 100 сом, майда малдын башына 10 сом айып пул толонсун. Куноолу адамдан айып акча корукчуга толонсун.
6. Ички жана алыскы жайытка корсотулгон моонотто кочпой тартип бузган учурда Бодо малдын башына кунуно 100 сомдон, майда жандыктын башына 10 сомдон айып салынып, куноолу адамдан ондурулсун.
7. Мал баккан малчылар майда жандыктын туягына 30 сом, Бодо малга 200 сом, тай, бука баккандарга дагы 200 сом толонсун, Эгерде ушул корсотулгон баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.толомдорүн толосүн.
8. Жайыт акы толомдорун малдын ээси малчыга кошоордо майда малдын туягына 10 сом, Бодо малга 45 сом, кулун музоого 32 сомдон, жалпы малдын жайыт акысын жайыт комитетине акчасын толоп, квитанциясын малчыга корсотуп кошмойунча малы алынбасын. Малчы квитанциясы жок малды кошуп алса, мал санак убагында ашык чыга турган болсо, жайыт акы малчыдан сырттан келген баада ондурулсун.
9. Айыл окмоттун каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайытка (жайлоого) майда малдын туягына 20сом, Бодо малга 80 сом, кулун музоого 42 сом жайыт акы толонсун. Жайыт акысы мал бакан малчыдан ондурулсун.
10. Короо сарайдын жанындагы жайыт жерлерди тосуп алган учурда жайыт комитети менен бирдикте келишимдер убактылуу моонотко тузулуп, 15 сотыхка чейин 10сомдон, андан ашык тосуп алган участкаларына 100 сомдон аренда акы төлөсүн.
11. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттка пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар сотыхына 100 сомдон толонсун.
12. Кочкор, чабыр баккан малчыга бир кочкорго, бир текеге 50 сомдон баккандыгы учун алсын. Чабыр кочкорго бир башка, бир күн кошсо дагы бир ай кошсо дагы 50сомдон мал ээси төлөсүн. Кочкор, текени мал ээси өзү алмайынча 1-октябрга чейин таратылбасын.
13. Малчы 800 баштан ашык майда мал баккан учурда ашык малга патент толотуп алынсын.
14. 2018-жылдын 5-октябрынан кийин алыскы, ортонку жайыттан, мал баккан малчылар кочуп келсин. Эгерде эрте кочуп келген малчылар болсо 5-октябрга чейин бодо малга 100 сом майда малга кунуно 10 сом мал башына айып толонүп, кайра Ак-Сай өрөөнүнө айдатылсын.
15. Кыштоодон 15-майдан кечикпей жаздоого кочурулсун. Эгерде корсотулгон мооноттон кочпосо бодо малга 100 сом, майда малга 10 сомдон кунуно айып толонсун. Кайра кыштоого 1-ноябрдан кийин кочурулсун.
16. Ак-Моюн, Бирдик айылдарына айыл өкмөт башчы жана жайыт комитети тарабынан ички корукчу дайындалсын.
17. Жогорудагы корсотулгон шарттар айылдык кенештин сессиясында бекитилип, областык юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлсүн.
18. Жогорудагылар боюнча малчылар менен келишимдер түзүлсүн.
19. Айылдагы чыгарылган таштандылар Арпачы сарайдын алдындагы таштанды таштоочу жайга төгүлүүсү катуу көзөмөлгө алынсын. Эгер таштанды таштоочу жайга төкпөй, айыл ичине же айыл жээгине төккөн жарандар кармалса, 2000(эки миң) сом штраф төлөсүн.
20. Бадачылар уйлардан качырып камакка түшсө, штрафты бадачы төлөсүн.
21. Бирдик айылында бадага субай алып калышса айына 400 сомдон төлөп кошсун.
22. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Асаналиев |