Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели №2/2
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековдун 2017-жылда аткарган иштери канааттандыраарлык деп баалансын.
2. Бирдик айылындагы “Бирлик-Булак” ИСКАКБда аткарылып жаткан жумуштар канааттандыраарлык деп баалансын.
- “Бирлик-Булак” ИСКАКБнын 2018-жылга карата бюджети 180(бир жүз сексен миң сом болуп бекитилсин.
3. Ак-Моюн айылындагы “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБнын башчысы Т.Жумакадыров жаңы келе турган таза суу башчыга таза-сууга тиешелүү бардык инвентарларын жана иш кагаздарын толук комиссия менен бирдикте өткөрүү жумуштарын аткарууга алсын.
4. 2015-жылы ПРООН аркылуу каржыланган долбоорлордон “Чыр-Тогон” каналына ремонт жумуштарын жүргүзүү долбоору боюнча айрым материалдары толук келбей бүтпөй калгандыгына байланыштуу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы тиешелүү органдарга кайрылуу жолдосун.
Тѳрага | К. Асаналиев |