Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы №3/1
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж. Осмонбеков тарабынан, Бирдик айылы боюнча айыл башчы тарабынан Ак-Моюн айыл аймагында мал-жандыктарынын убагында көчүп-конуусу, бада кайтаруу жана корук маселеси көзөмөлгө алынсын.
2. Жазгы талаачылык жумуштардын жыйынтыгы чыгарылып, Ат-Башы райондук айыл чарба департаментине рапорт берилсин.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адиси Т. Макешов тарабынан, Бирдик айылы боюнча айыл башчы тарабынан жаз айларындагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча мекемелерге тигилген көчөттөргө убагында сугаруу, коруу иштерине көзөмөлдүктөр жүргүзүлсүн.
- Айыл ичиндеги чыгарылган таштандылардын таштанды таштоочу жайга төгүлүшүнө көзөмөлдүктөр жүргүзүлсүн.
- Ак-Моюн, Бирдик айылдарынын ички көчөлөрүнүн жээгиндеги огороддордун өз чегинен чыгып тосулган тосмолору боюнча турак-жай ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ирээтке келтирилсин.
4. Ак-Моюн айылынын тургуну Ж.Ыбышовдун арызы боюнча Ак-Моюн айылындагы 7(жети) га үлүш жерине тактоо жүргүзүү үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына кайрылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Асаналиев |