Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы №3/2
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылынын боробордук көчөсүнө вулканизация ачуу үчүн, вулканизациянын имаратын курууга Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн карамагындагы 0426 контуру боюнча 2160(эки миң бир бүз алтымыш) чарчы метр бош жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзам чегинде тиешелүү укуктук документтери менен камсыз кылуу жагы, Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынан жана райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн турак жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адиси Т. Макешовго тапшырылсын.
4. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарып берүү жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Асаналиев |