Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2017-жылдын 15-сентябры №10/3
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мурунку эски техсервистин (граждын) ордуна ветеринардык пункт салуу үчүн 0,05 га жер аянты берүү жагы айыл өкмөтүнүн отурумунда каралсын.
2. Ветеринардык пункттун өздүк салымына 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчсы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Тѳрага | А. Бокоев |