Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2017-жылдын 25-декабры №12/1
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жыл аягында түшкөн кошумча 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине техника алуу үчүн өздүк салымына бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Тѳрага | А. Бокоев |
|
|