Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2017-жылдын 20-марты №I/I
Ача-Кайынды айыл аймагынын Курман-Ата көчөсүндөгү Мечиттин жер аянтын бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн Жер,турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Кожомбердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайыңды айыл аймагынын Курман-Ата көчөсүндөгү идент.номер 4-02-07-1001-0399 тиешелүү 4465 чарчы метр жер аянтынын ичинен ашык 800 чарчы метр жер аянты айылдык Мечитке бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү укуктук жана укугун күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз кылуу жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн жер,турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У. Кожомбердиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Мурзалиев |