Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-августу №10/6
Кара-Суу айылынын тургуну М. Кулукееванын жана Жаны-Жол айылынын тургуну Б. Шадыбаевдин арыздарын карап жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылындагы эл жаны отурукташып жаткан көчөлөргө Султанов Өмүраалынын жана Кашкеленов Шадыбайдын ысымдары берилсин.
2. Жаны ысымдар берилген көчөлөрдөгү турак жайлар жайгашкан жер участоктору трансформациядан кийин мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөрүү жагы арыз ээлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы З. Исираиловго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Р. Зарлыков |
|
|