Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 28-сентябры №11/1
«Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25 жана 62-беренелерин жетекчиликке алып, суу электр чордонунун имаратын жана гидротехникалык курулмаларын курууга жер тилкелерин бөлүү максатында Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолборлоо» институту мамлекеттик ишканасынын 14.02.2017-жылдагы «80-И каты менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу «Көл-Үкөк» өзөнү менен «Терс-Төр» суусунун куюлмасынын аймагындагы №1010 контурундагы 1,0 га, ошол эле суунун «Буктөр» аймагындагы №978 контурундагы 15,4 га жер тилкеси таштак, жер үстү бадалдуу айыл чарба багытындагы жайыт жер болгондуктан суу электр чордонунун имаратын жана гидротехникалык курулмаларын курууга айыл чарба жер аянтынан өнөр жай, транспорт жана байланыш жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | Р. Зарлыков |
|
|