Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2017-жылдын 24-ноябры №14/6
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдарынын санитардык абалын жакшыртуу максатында «Ак-Кыя сервис» муниципалдык ишканасынын директору Абдыжапаров Майрамбек Кылычбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдарынын тургундарынын жазган арыздары боюнча кызмат көрсөтүү жана ишканага киреше алып келүү үчүн арыз ээсинен 300 (үч жүз) сомдон кызмат акы алуу жагы белгиленсин.
2. Жарандардан келип түшкөн арыздарды аткаруу жана бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ишкананын директору М.К. Абдыжапаровго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Р. Зарлыков |
|
|